КЕТМЕНЧИ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кетмен менен иштеген, кетмен чапкан адам. Уйчу, койчу, кетменчинин Менмин сүйгөн акыны (Осмонов). Салкынга эргий түшкөн кетменчи жигиттер ансайын күүлөнүшөт (Сыдыкбеков). 2. өт. Кедей, дыйкан. Али эсимде, жыйырма эки жыл илгери, Ушул колхоз кетменчиден курулган (Маликов).